www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2018-жылдын 18-декабрында Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Ысык-Көлдө 1-декабрда катуу шамалдан турак-жайы жабыркагандар эми үйүн аз убакыттын ичинде кайра калыбына келтире алат. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму үйүн өз убагында камсыздандырып алган 19 үй ээсине тиешелүү каражаттарды тапшырды. Алардын алды 500 миңден алса, калганы муктаждыкка жараша жарандык коргонуу комиссиясынын чечиминин негизинде алышат.

Жалпысынан 650 миңден ашык каражат үйү жабыркаган район тургундарына берилди.

Аталган иш чарага Ысык-Көл облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнун биринчи орун басары Д.Моңолдоров, Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Д.Иманалиев, мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун төрайымы Ж.Эгембердиева жана мамлекеттик, муниципалдык мекемелердин жетекчилери, айыл өкмөт башчылары катышып,түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, 1-декабрда ылдамдыгы секундасына 40 метрге жеткен катуу шамалдын кесепетинен улам жалпы Ысык-Көл облусу боюнча 400 турак-жай жабыркап, үй-ээлери турдүү чыгымга учураган. Бирок алардын он тогузу гана камсыздандыруудан өтүп, бүгүнкү кундө аталган мамлекеттик уюмдан каражатын алууда.

Бул иш чара мындан ары катуу шамалдан жабыркаган дагы Ысык-Көл облусунун башка район тургундарына да берилет.

Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg

Последние новости