www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2018-жылдын башынан бери дүйнөдө кесиптик ишмердүүлүгүнөн улам сексендей журналист киши колдуу болгон. Алардын тизмесин шейшембиде "Чек арасыз кабарчылар" эл аралык укук коргоо уюму жарыялады. Журналисттердин көбү Ооганстанда, Сирияда, Мексикада, Йеменде жана Индияда өлтүрүлгөнү аныкталды.

Андан тышкары, баяндамада ушу тапта дүйнөдө 348 журналист камакта экени белгиленет.

Быйыл "Time" журналынын версиясы боюнча "Жыл адамы" деп журналисттер тобу аталды. Басылма "Коргоочулар" деп атаган топко Түркиядагы Саудиянын консулдугунда өлтүрүлгөн журналист Жамал Хашогжи (Хашогги), Мьянмада камалган журналисттер Ва Лон менен Кья Сон, Филиппинде бийлик куугунтугуна кабылган “Рапплер” сайтынын негиздөөчүсү Мария Ресса жана быйыл редакциясына кол салуу болуп, беш журналисти өлтүрүлгөн Америкадагы "Capital Gazette" кабарчылары кирген.

"Time" белгилегендей, журналисттер “өз өмүрүн тобокелге салып чындыкты издеген, эр жүрөк билдирүүлөрү үчүн” ушул наамга татышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости