www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
6-ноябрда ЮНЕСКОнун башкы конференциясынын 43-сессиясында 22-сентябрды – Көчмөн мурас эл аралык күнү деп жарыялоо боюнча резолюция бир добуштан кабыл алынды.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, бул Кыргызстандын демилгеси болгон.
Демилгени илгерилетүү иштери Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги, Кыргызстандын ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиясынын катчылыгы жана Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан активдүү жүргүзүлгөн.
Резолюциянын максаты — көчмөн элдердин дүйнөлүк цивилизацияны өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымын таануу, маданий диалогду бекемдөө жана туруктуу өнүгүү принциптерин илгерилетүү.
Кыргызстан, Дүйнөлүк көчмөн оюндарын негиздөөчүсү катары көчмөн маданий мурастарды сактоого жана жайылтууга маанилүү салым кошууну улантууда.