www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кафе-ресторандарда тейлөөгө акы алуу мыйзамсыз. Бул тууралуу Reporter.kg’ге юрист Шердор Абдыкапаров билдирди.

Анын айтымында, бул талаш-тартышта биринчи кезекте коомдук тамактануу кызматы боюнча Өлкөлөр аралык мамлекеттик стандартка (ГОСТ 30389-2013) таянуу керек. Ага ылайык кафе-ресторандар тамактын акысынан сырткары кошумча төлөм кое алышпайт.

«Кафе-ресторандар өзүнүн чыгымдарын тамак жана суусундуктардын наркына кошот. Официанттын айлыгын дагы ошол жактан чыгарып алыш керек», — дейт Шердор Абдыкапаров.

Андан сырткары, кардардан кошумча төлөм алууга «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо» мыйзамы тыюу салат.

«Эмгек кодексинин 20-беренесинде ишкер, мында кафе-ресторандын ээси, кызматкерлерине эмгек маянасын өзү жана убагында төлөшү керек деп турат. Андыктан бул милдетти кардарга жүктөгөн мыйзамсыз», — дейт юрист.

Шердор Абдыкапаров коомдук тамактануучу жайлар өз алдынча, эч бир негизсиз тейлөөгө төлөм өлчөмүн бекитип алганын белгилейт.

«Алар 12-15 пайыз деп өзүнүн ички жобосу менен эле бекитип алышкан. Бирок мен жогору айткан укуктук ченемдик актылар анын мыйзамсыздыгын көрсөтөт. Андыктан кардар тейлөөгө акыны төлөбөй койсо болот. Эгер мындай учурда кафенин жетекчилиги милиция чакырса, укук коргоо органынын кызматкери мажбурлап төлөтүп же башка чара көрө албайт. Анда алардын кадамы бийликтен аша чабуу, кызмат абалынан пайдалануу болуп калат», — дейт юрист.

Анын айтымында, тейлөөгө төлөнгөн акча толугу менен официантке берилбейт.

«Өзүм деле жаш кезде официант болуп иштегенмин, 15 пайызды официант, бармен, администратор жана ашпозчу болуп бөлүшөт. Мен мисалы тейлөө акысын бербейм, бирок мени тейлеген кыз же жигиттин өзүнө акча берип коем», — дейт Шердор Абдыкапаров.

Белгилей кетсек, акыркы учурда Кыргызстан менен Казакстанда кафе-ресторандардагы тейлөөгө акы мыйзамсыз экендиги айтылып, аны төлөөдөн баш тарткан учурлар кездешүүдө.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости