www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен районунун Ак-Атыр жана Самаркандек айылдарындагы селден кийинки калыбына келтирүү иштери толугу менен бүткөрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, ӨКМден тартылган 131 куткаруучу жана Жарандык коргонуу кызматтары жергиликтүү жашоочулардын катышуусунда турак үйлөргө, жертөлө жана сарайга кирген сел калдыктары тазаланды.

Жергиликтүү эл калыбына келтирүү иштеринин ыкчам бүткөрүлдүгү үчүн куткаруучуларга өз ыраазычылыгын айтышты.

Ал эми аталган аймактарда инженердик техникалардын жардамы менен сел өткөрүүчү сайдын нугун тазалоо жана кеңейтүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Эске салсак, 10-июлда жааган нөшөрлүү жаандан Баткен районунун Ак-Татыр жана Самаркандек айылдарында сел келип, түнү бою кооптуу тилкеде жашаган жарандар эвакуацияланган болчу.

Последние новости