www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент болуп шайланган Садыр Жапаровдун инаугурациясына көп каражат которулганы боюнча маалымат чыккандан беир коомдо ар кандай пикирлер, сындар айтылууда. Бул боюнча активист Замир Айылчиев “NazarNews” маалымат агенттигине билдирди.
--“Протокол боюнча президенттин инаугурациясы тыйындын которлуусу негиздүү. Бирок, эконоиканын тартыштыгы, бюджеттин дотацияда болгонун көрүп жаңы шайланып келген президент Садыр Жапаров жол тосууну жана шаан шөкөттү уюштурууга бөгөт койду. Албетте мындай кадам эл үчүн жакшы мисал. Ал эми бюджет үчүн чоң үнөмдөө деп ойлойм. Жапаровдун бул кадамдарын туура деп эсептейм. Себеби, өткөн кеткенден сабак алып, өлкөнүн тарыхындагы 30 жылдан берки президенттердин иштерин кайталаганы туура эмес. Карапайым эл менен эсептешип, иш алып барып жатканы кубанаарлык. Андыктан президенттин алгачкы кадамдары өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымы болду десем жаңылышпайм”,- дейт Айылчиев.
Булак: NazarNews.kg