www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун пресс-катчысы Галина Байтерек мамлекет башчынын инаугурация аземинде артиллериялык аскер техникасынын колдонулушу жөнүндө комментарий берди.

Ал бул салтанат мамлекеттик деңгээлдеги иш-чара экендигин эске салды. Президенттик кызматка киришкен Садыр Жапаров ошондой эле өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн башкы командачысы болот.

«Артиллериялык аскер техникасын колдонуу - мындай иш-чаранын атрибуттарынын бири жана жалпыга маалым болгон практика. Артиллериялык экипаждар кандай болгон күндө дагы, күндөлүк режимде күжүрмөн даярдыктын деңгээлин кармоо менен алектенишет, анткени бул ашыкча чыгымдарды талап кылбай тургандыгын өзгөчө белгилей кетүү керек. Аскерлерди даярдоо планына ылайык, аскер артиллеристтери кадимки күжүрмөн даярдык боюнча машыгууларды өткөрүшөт. Буга ылайык, бул учурда кошумча чыгымдар болбойт ", - деди Галина Байтерек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости