www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Буга чейин депутат Исхак Пирматовго «Кыргызнефтегаздагы» коррупциялык ишмердиктери, миллиондогон доллар өлчөмүндө мамлекетке зыян келтиргени боюнча кылмыш иштери козголбоду беле? Андан сырткары «Манас» эл аралык аэропортундагы май ташуу боюнча көмүскө бизнес жүргүзгөнү, Бишкек мэриясынан жерлерди алганы, о.э. Чүй облусунан да жүздөгөн айыл чарба багытындагы гектарларды энчилегени ыраспы?

Беловодскидеги, Балыкчыдагы жана түштүк регионундагы нефтебазаларды менчиктештирип алганбы? Деги эле Исхак Пирматовдун шектүү ишмердиктерин күч органдары эмнеге ачыктабайт?» деген суроону укук коргоочу Төлөйкан Исмаиловага узаттык.

- Сурооңуз өтө татаал экен. Кептин баары кыргызча айтканда, «иттин өлүгү кайда көмүлгөн?» дегендей суроо тура. Кыргыз мамлекети эгемендик алган 30 жылдан бери сот системасы бийликтин башындагы адамга көз каранды болуп келген. Алардын айдагына жараша иш кылышат.

Бирок, бийликке ким келбесин, «биз сот реформасын жүргүзөбүз. Алар бизге көз каранды эмес» деген сайын кептин баары ошол жакта сыяктанат. Коррупция боюнча канчалаган кылмыш иштери козголот? А жыйынтыгында айдакталган сот коррупционерлерди актап коюп атышпайбы! Өлкөдө эгемендүү, ачык сот болмоюнча, «бул, же тигил коррупционер» деп айта албайбыз. Анткени, «презумпция невиновности» ар бир жаранга таандык. Сот системасында реформаны жана эгемендүү сотту эл күтүп жатат», - дейт Төлөйкан Исмаилова.

Булак: Азия News гезити

Последние новости