www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарды акыркы учурдарда саясый сын-пикирлерди таамай айтып келе жаткан Замир Казакбаевдин оюн окурмандарга сунуштоону чечтик.
--“Курманбек баатыр Калмактар менен кармашаарда атасы Тейитбек хан, Телторусун бербей коет эмеспи. Бул деген карөзгөйлүк менен карасанатайлык, чыккынчылык менен кыянаттык катары сүрөттөлгөн кичи эпостогу драмалык эпизод. Мунун мааниси өтө терең. Кеп, атасы баласынан минген атын аяп койгонунда эмес. Кандай ата өз баласынын өлүмүн каалагандыгы сүрөттөлөт. Бүгүн ошол окуя кайталангансып көрүндү мага. Албетте жоого аттанып аткан эч ким жок дечи. Бирок кыргыздар душман көзүнө, жаманын жашырып, жакшысын ашырган эл эмес белек...
Тескерисинче, "коробой жүргөн акча беле, бир жолу тиштенип, сырттан келген коноктор үчүн жакшынакай ант берсин"! Деген эч ким болгон жок...Эртеңкибизди ойлобой эле күнүмдүк жашап калдык.
Алар деле "Кыргыздар теңине албай койду"! - дешпейби? -Деген эч ким жок. Башка өлкөлөрдүн океан кечип келген президенттерин кой, тоонун наркы бетиндеги кудаң келсе, жокту бар кылган пейилиң бар эмес беле? Дүркүрөтүп тоюңа миңдеген конок чакырып 10 млнду төрт саатта чачып салган жайыбыз бар эмес беле? Бул деген өлкөнүн намысы да. Бул деген элдик майрам да, же байкуш болуп көрүнөлү дедикпи? Мусаапыр экен дешсинби? Кредит берет дедикпи? Же Тейитбек баласынан Тайторусун аягандай, уулуңардан 10 млнду кызгандыңарбы? Анча болду, эмне кийип келишин дагы айтып койгула! Бул албетте, тек гана жеке оюм.
Инаугурация тургай, үй-бүлөсүнүн бир айлык чыгашасы менен кирешесин санабаган кыргызга эмне болду дейм да? Буга чейинки президенттер деле мамлекеттин эсебинен өткөрүп келген инаугурациясы үчүн, ого бетер жек көрүүгө туура келет экен да. Анын чыгымы канча экенин буга чейин ким билет эле...билбей эле калсак болбойт беле? Кайсы кара курт берди бул маалыматты. Эми аны айтпаса деле түшүнүктүү...
Намыс үчүн 10 млн сом деген эмне? 10 млн ду 100 000 миң шаар тургундарына бөлө келсе 100 эле сомдон тие турган тыйын экен. Млрддаган акча желип атканда унчукпаган бизге эмне болду? Чет өлкөдөн канчалаган коноктор келет? Протокол деген бар да. Талап-эреже деген бар да. Билбейм деги… - деген пикирин орто салган Замирбек мырза.
Булак: NazarNews.kg