www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сооронбаев :

Өлкөнүн башкы пульмонологу Талантбек Сооронбаев коронавирустун кесепеттерин иликтеген мекеме аралык комиссиянын жыйынтыгына макул эмес. Бул тууралуу ал жергиликтүү маалымат булактарын билдирген. 

--"COVID-19 күчөп турган учурдагы абалды иликтөөгө мен да кызыкчылыгым бар. Бирок анын курамына кирген адамдардын кесипкөйлүгүндө күмөнүм бар. Себеби алардын бирөө да коронавирус күчөп турганда кызыл зонага кирип иштеген эмес. Менин сөзүмдү Кыргызстандагы миңдеген дарыгерлер тастыктайт. Азыр эми күнөөнү дарыгерлерден издөө туура эмес. Ушул комиссиянын курамына кирип, изилдөөсүнө катышалы деп бир нече ирет вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиевага кайрылдым. Бирок ал менин кайрылуумду кабыл алган жок", - деди Сооронбаев.

Коронавирус учурундагы мыйзам бузуу фактылары боюнча 14 кылмыш иши козголгон. Мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев 15-сентябрда камакка алынып, январда үй камагына чыккан.

Мекеме аралык комиссия керектүү дары-дармектердин баасы көтөрүлүп, өлүм-житимдин саны жашырылганын, туура эмес дарылоо фактылары болгонун 22-январда жарыялады. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости