www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунун Алай райондук прокуратурасы социалдык инфраструктура объекттерин курууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын сарпталышынын мыйзамдуулугуна текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, 2015-жылы Ош облустук капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан Алай районунун Сары-Могол айылында жайгашкан орто мектебинин спортзалын жана ашканасын куруу боюнча конкурс өткөрүлүп, курулуш ишин 24 млн 202 миң 850 сомго аткарууну сунуштаган «С.» ЖЧКсы жеңүүчү деп табылып, тийиштүү келишим түзүлгөн.

Жүргүзүлгөн текшерүүдө аныкталгандай, түзүлгөн келишимдин шарттарында акча каражатын алдын-ала төлөө жагы көрсөтүлбөгөндүгүнө карабастан, капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан жогорудагы ЖЧКнын дарегине акча каражат толугу менен которулуп берилип, бирок 5 жылдан бери аталган орто мектебинин спортзалын жана ашканасын куруу иштери аяктабай токтоп калып, мамлекетке жалпы 6 млн 382 миң 225 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Текшерүүнүн жыйынтыгында райондук прокуратура тарабынан аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости