www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Жылдыз канчалык алыс болсо ошончолук жаркырайт дешет, кайсы залкарлар менен иштешип калдыңыз?

- Кыргыздын корифейлери: М. Рыскулов, С. Жаманов, С. Күмүшалиева, Д. Күйүкова, Б. Кыдыкеева, Т. Турсунбаева, С. Жумадылов жана башка не деген залкарларыбыз жашап өтпөдү дейсиң. Мен ошолордун кешигин ичип, алар менен баарлашып калганыма сыймыктанамын. Сыдыкбек Жаманов уникалдуу актёр эле. Анын басып өткөн жолу чоң тарых. Ал эми Советбек Жумадыловчу?!

Мен ичим тызылдап жатканы Жумадылов ким болгон деп сурасынчы, жаштар тааныбай калды. Убагында Союз учурунда 15 республиканын ичинен эӊ алдыӊкы актёрлордун бири эле. Колдо бар алтындын баркы жок деп, көзү тирүүсүндө баалай албай калдык. Ал кезде гастролдоп көп чыкчубуз. Кай жерге барбайлы урмат-сыйдын үстүндө элек.

Ошентип, бир сый көрүп жүргөн кезибизде бир үйгө конок болуп, Даркүл эже бутун чече: “Балдар, ар бириӊер ордуӊарды таап отургула, бирок кетерде да бизди сөз кылышат, аны да унутпагыла, элимден айланайын, бизди бөпөлөтүп сыйлап жаткан” деп айтчу.

Сабира Күмүшалиева: “Балдарым, алтымышка чыкканы бар, жетимишке...андан ары токсонго мына мен азыр токсондон ашып олтурам, бирок такыр эсиӊерден чыкпасын, кадырман карылыкты берсин деп Кудайдан тилегиле” деп калчу.

Ошол сөздүн төркүнүн алтымыштын тамагын жеп жатып түшүнүп турам. Азыр биздин театр атын алып жүргөн үлкөн драматургубуз Токтоболот Абдумомунов өмүрүн театрга арнап койгон талант эле.

Анын керээзин бизге раматылык Жалил Садыков: “Театрды сактагыла, муундан-муунга жашасын театр” деп окуп берген. Не деген талант эле. Жазса ошо Током жазмак прозаны, бирок ал мыкты драматург болуп кете берди.

- Айтматовдун кайсы чыгармаларында роль аткарып калдыӊыз?

- Режиссёр Искен Рыскулов койгон 1986-жылы “Саманчынын жолунда”- Субанкулду, 1993-жылы “Чыӊгызхандын ак булутунда”-Чыӊгызханды аткаргам. Ушул спектакль менен Түркияга чейин барпы келгенбиз. Улуу жазуучунун чыгармаларында аткар дешсе анан кантип баш тартмак элем. Өтө кылдаттыкта өзүмдү эс-тутум, акыл-парасатым менен аткарганга аракет кылдым. Спектакль мыкты чыкты, өзүмө дагы көп ачылыштар сабак болду.

- Замир агай, режиссёр катары Айтматовдун чыгармаларына кайрылып көрбдүӊүзбү?

- Мен өзүмдү азыр Айтматовдун чыгармаларына кайрылыш үчүн толук даяр эмесмин деп эсептеймин. Жөнеле тизмени толтуруу менин почерким эмес. Айтматовду түшүнүү үчүн бир чыгармасын 2-3 сыйра окуш керек.

Генийлер бир окуганда гана Айтматовго теӊ келе калбаса. Анткени, Айтматов таануу илими түгөнгүс кенч. Руханий баалуулукту кыргызына гана эмес, дүйнө элине калтырып кетти. Ал: “Эзелтеден чечилбеген улуу талаш, канткенде адам уулу адам болот, Түбөлүк чечилбеген улуу талаш, Канткенде адам уулу адам болот?!” ушул 4 сабынын ичинде жашап келе жатам.

Акыркы кездерде “адам болуу кыйын, күнүгө адам болуу андан дагы кыйын” деген накыл сөздүн өзү эле не деген философия?!

- Күлипа Кондучалова 20 жыл министрликтен түшпөй иштеген жападан-жалгыз мыкты аял эле дешет...

- Күлипа эже тарыхта бир жаралды, бир кетти. Ар бир театрдын көйгөйүн чече билчү. Ар бир маданий кесипкөйлөр менен жеке баарлашып оюн уга билчү. Дүйнө жүзү боюнча 3 бастын бири Болот Миӊжылкиевди Москвага билимин тереӊдетип келиш үчүн андан соӊ Италиядагы Ла-Скалага жөнөткөн Күлипа эже эле.

- Чечкиндүүлүккө көзүӊ жетсе максат үчүн көк бет болуу. Сизди жакындан тааныгандар чечкиндүү мырза дешет...

- Жүзүбүз өзүбүзгө көрүнбөйт. Ал эми башкаларга даана көрүнүп турат. Өзгөчө чечкиндүүлүк-бул адамдагы асыл сапаттардын бири. Бир маселени чечүүдө чечкиндүү мамиле жасай албаган адамдар менен жаш балага ымалагандай эзилип отургум келбейт.

- Кепти баамдап ук, ашты даамдап жут дегендей, сөз-көөнөргүс дөөлөт эмеспи...

- Сөз мааниси түгөнгүс, улуу сөз-улуу дөөлөт. Сөздү, кепти баамдап угуу биздин ата-бабаларыбыздан келе жаткан руханий мурас. Мен жогоруда айткандай биздин корифейлердин акыл-насаат, кеп-кеӊештерин угуп келдик. Алардан алган таалим-тарбияны азыркы жаштарга айтып келем.

- Кыргыз элинин улуу мурасы деп эмнени айта аласыз?

- Албетте, Манас. Манас –бул кыргыз элинин маданиятынын туу чокусу. Дүйнөдө эчбир элдин бешенесине ушундай улуу, руханий байлык буйруган эмес. Биз ушундай улуу эпосту жараткан кеменгер эл экенибизге Жаратканга шүгүр кыламын.

Мына ушул күнгө чейин улуттук идеологияны ой-кырдан издеп, өзүбүздөн өзүбүз ыраактап, чыгышка да, батышка да бой уруп көрдүк. Биздин улуттук идеология эпосторубузда, санжыра-тарыхыбызда, каада-салт, үрп-адатыбызда жатканын түшүнсөк да түшүнгүбүз жок.

Колдо бар алтындын баркы жок дегендей колубузда турган баалуу мурастарыбызды колдоно албай келебиз. Мисалы канча мамлекеттер акчанын күчү менен жок тарыхын жаздырып, жок баатырларын жасап жатышат. Ал эми бизчи?! Бар нерсенин баркына жетпей жүргөнүбүз, жүргөн.

- Жашоодогу кыйынчылыктар адамды курчутат экен...

- Бул жалган дүйнөгө келип кеткениӊ терезеден чымын кирип чыкканы менен барабар. Пендебиз да, ушул мезгил ичинде көптөгөн убактыбызды болор-болбос нерсе менен алпурушуп өткөрүп келе жатабыз.

Бирок мени өзүмдүн жеке жашоом, күнүмдүк кыйынчылыктарым эмес эли-жеримдин, журтумдун көйгөйлөрү көбүрөк толгондурат. Элибиз аман, болсо андан өткөн бакыт жоктур.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости