www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда мечиттердин имамдары жана алардын орун басарлары чек өлкөгө чыгуучу паспортторун Мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлдөрүнө тапшырууга мажбуранууда. Бул тууралуу "Озодлик" радиосу Ташкенттин башкы имамынын жардамчысы мечиттерге жөнөткөн тиешелүү мазмундагы катка таянып кабарлады. Бул тууралуу Борбордук Азия билдирди/

"Саламатсыздарбы, урматтуу башкы имамдар! Биз тизме боюнча мечиттердин имамдарынын жана алардын орун басарларынын кызыл паспортторун (чет өлкөгө чыгуучу паспорт) чогултуп, муфтияттын өкүлдөрүнө өткөрүп беребиз. Паспортторду чогултуу үчүн райондордун башкы имамдары жооптуу болот! Азыр чогулта баштагыла", – деп жазылган Telegram мессенжери аркылуу өлкө мечиттеринин башкы имамдарына жөнөтүлгөн катта.

"Озодлик" радиосунун журналисттери менен сүйлөшкөн имамдар Мусулмандар дин башкармалыгынын бул талабын Орусиядагы "Крокус Сити Холл" концерттик залындагы терактка байланыштырып, өлкөдөгү имамдарга карата көзөмөлдү күчөтүү аракети катары баалашты.

"Орусиядагы теракттан кийин Өзбекстанда имамдарга жана жалпы эле жөнөкөй жарандарга олуттуу чаралар көрүлөт деп күтүлүүдө. Бизди бир нече күндөн бери паспортубузду муфтиятка тапшырууга мажбурлап жатышат. Себеп – имамдарды чет өлкөлөргө чыгарбоо. Акыркы күндөрү бизге өтө катуу басым болууда. Ошондуктан айрым имамдар өлкөдөн чыгып кетиши мүмкүн деп кооптонуп жатышат", – деди аты-жөнүн айткысы келбеген ташкенттик имамдардын бири.

Ташкент шаарынын башкы имамынын орун басары Эргаш Рустамов имамдардын паспорттору "маалыматтарды каттоого алуу үчүн" чогултулуп жатканын билдирди.

Өткөн жылы сентябда өзбек өкмөтүндө мамлекеттик жана коомдук уюмдардын жетекчилеринин катышуусунда кеңешме өткөн. Анда өлкөнүн премьер-министри Абдулла Арипов өлкөдө "диний радикализмдин күчөп жатканын" айтып, буга байланыштуу тынчсыздануусун билдирген.

Булактардын айтымында, кеңешменин жүрүшүндө акыркы жылдары мамлекеттик кызматкерлер менен өкмөттүн мүчөлөрү иш ордуларында намаз окуп, түрдүү диний жыйындарга катышып, шарияттын негизинде нике кыйган "кооптуу тенденция" байкалып жатканы айтылган.

Ошондой эле кеңешмеде Абдулла Арипов аткаминерлерден "динди же мамлекеттик кызматты" тандоону талап кылганы кабарланган.

Көп өтпөй Өзбекстандагы бир нече мечитте азандын үнү азайтылган.

Последние новости