www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстанда суу ташкыны башталгандан бери 72 миңден ашуун адам жашаган жеринен коопсуз жактарга эвакуацияланды. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдады.

Ага ылайык, куткарылгандардын 16 миңдейи балдар. Эвакуациялангандардын үчтөн бири гана убактылуу башпаанек жайларда калды, калгандары жакындарынын жана туугандарынын үйлөрүнө кетишти.

Бүгүнкү күнү Батыш Казакстан, Атырау, Актөбө, Караганды, Костанай, Түндүк Казакстан жана Акмоло облустарында абал оор боюнча калып жатканы кабарланды.

"Акмоло облусундагы эки ири суу сактагычтар 99% чейин сууга толду, экөө тең транзиттик режимде иштеп жатат. Актөбөдөгү эки суу сактагыч 96% толду", - деп билдирди Суу ресурстары жана ирригация министрлигинин өкүлү Мөлдүр Абдуалиева.

Аймактардагы куткаруу иштерине ӨКМ, Коргоо министрлиги жана Улуттук гвардиянын тик учактары тартылды.

Министрлик 7-апрелге карата 7,5 млн метр куб эриген суу сордурулуп алынганын маалымдады.

Эң оор абал Атырау облусундагы 66 миң калкы бар Күлсары шаарында экени айтылууда. 6-апрелдин кечинде аймактан 28,5 миң адам, анын ичинде 6718 бала эвакуацияланган. Эл коопсуз жактарга кайык, тик учак жана аскер техникасы менен чыгарылууда.

Атырауда 7-апрель күнү Улу-Жем дарыясынын нугун буруу үчүн жасалма плотиналарды жардыруу иши башталды. Акимчиликтин маалыматына караганда, аларды учурунда дыйкан чарбалар суу чогултуу үчүн курушкан.

Кустанай облусунда Тобол дарыясындагы суунун деңгээли көтөрүлүп, 600 сантиметрлик чектен өтүп, 825 сантиметрге жеткени кабарланды.

7-апрелдин таңына карата жалпы Казакстанда 3686 жер үй, 557 короо жана 1822 дача жайлар суунун алдында калды. Бул көрүнүш Атырау, Актөбө, Акмоло, Кустанай, Батыш Казакстан, Түндүк Казакстан жана Павлодар облусунда болууда.

 

 

Последние новости