www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын президенти Владимир Зеленский экинчи мөөнөт үчүн да талапкер катары катышуусу мүмкүн. Бул тууралуу Украина президентинин аппарат жетекчисинин орун басары Кирилл Тимошенко «Корреспондент» гезитине берген маегинде билдирди.

Тимошенко өлкөдөгү кырдаалды толук чечүү үчүн бир мөөнөт жетишсиз болуп каларын белгилеп, учурдагы президент өз чечимин жаңы шайлоонун алдында жарыялай турганына ишенимин жашырбады.

«Себеби Владимир Зеленский өлкөнү өзгөртүүнү, заманбап агымдын шарттарына ылайык өнүктүрүүнү каалайт. Андыктан, кийинки мөөнөткө барар-барбасын өзү чечет. Бул маселе азырынча күн тартибине коюла элек», — деди Тимошенко.

Белгилей кетсек, Зеленский үстүбүздөгү жылдын май айында өткөн маалымат жыйында экинчи мөөнөткө баруу ниети боюнча берилген суроого кыска гана «Ойлонуп көрөм» деген жообун узаткан. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости