www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыйкатчы айлыгын ала албай жүргөн тигүүчүнүн айлыгын өндүрүп берди. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Акыйкатчынын (Омбудсменинин) наамына  Бишкек шаарынын Профсоюз көчөсүнүн тургуну Т. Ы-дан арыз келип түшкөн.

Арыз ээси Бишкек шаарынын Кубинская көчөсүндө жайгашкан тигүү цехинде 2020-жылдын сентябрь айында иштегенин,  бирок цехтин ээси  эмгек акысын бербей, аны оозго алгыс сөздөр менен тилдеп, кемсинтип, укугун бузганын жазган.

Ал өз арызында жалгыз бой жана турмуш шарты оордугун,  маңдай тери менен тапкан эмгек акысын өндүрүп, Динара аттуу аялга чара көрүп, укугун  коргоп берүүнү суранган.

Бул арыз боюнча териштирүү жүргүзүп, маселени чечүү боюнча Бишкек шаардык экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын аймактар аралык башкармалыгына жана Бишкек шаардык Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына кат жөнөтүлдү.

Биринчи Май РИИБнын тергөөчүсү У. Ниязбеков менен арыз ээси Т. Ы-нын укугун калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, натыйжада арыз ээсин тигүү цехинин ээси Динара менен беттештирилип, айлык акысы өндүрүлүп берилди.

Арыз ээси Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытовго жана Акыйкатчы Аппараттын кызматкерлерине жазуу жүзүндө ыраазычылык билдирген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости