www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Кызыл-Үңкүр айылынын жайлоосунан жаңы союлган аюунун терисин сумкасына салып алып, көтөрүп келе жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары департаментинин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Турат Сатимбаев билдирди.

Анын айтымында, Кызыл-Үңкүр айылынын 1971-жылы туулган тургуну Э.Ж. аталган департаменттин өкүлдөрү тарабынан кармалган.

«Бул факт Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди. Өкмөттүн № 224 токтомуна ылайык, бир баш аюунун доосу 1 000 000 сомду түзөт. Күрөң аюу Кыргыз Республикасынын Кызыл китебине киргизилген», - деп билдирди ал.

Жалал-Абад облусунда күздөгү жыл санак боюнча жалпы 234 аюу бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости