www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айрым өлкөлөрдө орозо жылдырылды

Перс булуңуна кирген өлкөлөрдө айдын жаңырышы туура эмес эсептелип калгандыктан, орозо жылдырылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Маалыматка караганда, Сауд Аравиясынын Жогорку соту 11-апрель күнү эч ким жаңырган Айды көрө албагандыктан, 12-апрелден тарта пландалган орозону жылдырды.

"Кечээ Айдын жаңырганы көрүнбөгөн соң бүгүн кечинде орозонун алгачкы күнүн аныктоо үчүн тиешелүү кызматтар чогулат. Сауд Аравиянын бул позициясын өздөрүнүн астрономдору жана диний аалымдары болгонуна карабай, башка араб өлкөлөрү дагы карманууда. Ошентип 12-апрель күнү Египет, Ирак, Тунис, Ливан, Кувейт, Йемен, Оман жана БАЭ мамлекеттеринин жарандары оозун бекитпей калышты", — деп айтылат кабарда.

Учурда бул өлкөлөрдө орозо шейшемби же шаршемби күнү башталат деп божомолдошууда.

Ал эми Кыргызстанда Рамазан айынын биринчи күнү 13-апрелге белгиленген. Башкача айтканда, 13-апрелге караган таңда ооз бекитилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости