www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык фонддун Call-борбору 2021-жылдын январь-март айларында 10 миң 147 кайрылуу кабыл алды. Бул тууралуу Соцфонддун басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын март айында Соцфонддун Call-борборуна 1076 кайрылуу келип түшкөн. Андан тышкары, сайт аркылуу 459 электрондук кайрылуу келип түшкөн.

Кайрылуулардын басымдуу бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрдү төлөөчүлөрдөн, иштебеген жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, пенсионерлерден жана иштеген пенсионерлерден келип түшөт.

"Социалдык фондунун Call-борбору иштеп жатат жана негизги социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо жаатындагы маселелер боюнча 1202 кыска номери аркылуу толук түшүндүрмөлөр берилүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости