www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Курсан Асанов:

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов бүгүн, 12-апрелде үй камагына чыгарылды. Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматынан ал кандай негизде чыгарылганы боюнча айткан жок.

УКМКнын СИЗОсунан чыккан Курсан Асанов кайрылуу жасап, тарапташтарына ыраазычылыгын билдирди.

"Кыргыз элин Рамазан айы менен куттуктап кетейин. Өткөн жылдын 5-6-октябрындагы окуя боюнча 2 жарым айдай отурдум. Кой-Таш окуясы болобу, октябрдагы окуя болобу өлкөбүздөгү тынчтык, туруктуулук, кан төгүүлөр болбоосу үчүн бардык аракетимди, тажрыйбамды жумшагам. Ошол күндөрү мага жардам берген укук коргоочуларга, элдик кошуундарды түзгөндөргө ыраазычылык билдирем. Мени моралдык жактан колдогон массалык маалымат каражаттарына да рахмат.

Мен акыйкат, чындык үчүн дайыма күрөшүп келгем, мындан ары да ал сапатымдан кайтпайм. Мен ойлойм, убакыт келгенде Кой-Таш окуясы боюнча баары мен айткандай болгонуна күбө болосуздар. Бүгүнкү күндө күнөөкөрлөр качып жүрөт. Ал эми октябрь окуясы боюнча кылган аракеттерим жакшы. Жакын арада баары жай-жайына коюлат деп ойлойм", - деди ал.

Буга чейин Курсан Асановду СИЗО-1ден УКМКнын СИЗОсуна которуларын жактоочусу билдирген.

Курсан Асанов баш аламандык учурунда ИИМдин имаратын басып алган деп айтыпалууда. Ал 26-январда кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына жеткирилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости