www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аксынын Ак-Дөбө айылынын тургундары 4-январда кайрадан нааразылык акциясына чыгышты. Алар Ак-Дөбө айылына Ала-Бука-Чаткал-Жалал-Абад жолунун боюна эки боз үй тигип алышканын, талаптары аткарылбаса жол тосууга барышарын айрым маалымат каражаттарына билдиришкен.
Айыл тургундары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Жалал-Абаддагы башкармалыгынын имаратынын алдына барып, камактагы Кутман Шадыбеков, Тургун Шадыбеков жана Жылдыз Шадыбековдун үй камагына чыгарылышын талап кылышууда.
Аталган жарандар 2020-жылдын 7-октябрында Аксы районундагы тополоңго байланыштуу камалган. Ал күнү Кербен шаарынын борборуна акимди кызматтан кетирүүнү талап кылып чогулгандардын митинги калайман мушташ менен коштолуп, бир киши каза болгон, алты киши жараат алган.
Мушташта катуу жараат алган 41 жаштагы Уланбек Жаманкулов 20 күндөн кийин каза болгон. Милиция тополоңду уюштурууга шектүүлөрдүн бири катары Кутман Шадыбековду камакка алган. Кийин анын жакындары Тургун Шадыбеков менен Жылдыз Шадыбеков да кармалган. Жабыркаган тарап милицияга ишеним көрсөтпөгөндүктөн, ишти атайын кызмат иликтеп жаткан.
Айыл тургундарынын акциясы 2-январда башталган. 3-январда УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынын жетекчилиги алар менен жолугуп, иш мыйзам чегинде иликтенип жатканын жана катуу көзөмөлдө экенин билдирген. Маалыматка караганда жолугушуудан кийин бир боз үйдү чечишкен, бирок, бүгүн кайрадан акция уланып жатат.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg