www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин күч органдары жогорку кызматтарды ээлеген бир нече чиновникке издөө жарыялаган. Алар ар түрдүү кылмыштарга айыпталууда.

Изделип жаткан мурдагы чиновниктердин айрымдары бир нече жылдан бери табылбай жатса, кээ бирлери октябрдагы окуялардан кийин изделүүдө. АКИpress агенттиги күч органдары тарабынан кимдер изделип жатканын тизмектеди.

Аскарбек Шадиев

Аскарбек Шадиев

2018-жылы 1-июнда Жогорку Кеңештин депутаты Аскарбек Шадиев издөөгө алынганы белгилүү болгон. Ага Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкты тапшыруу үчүн бюджеттен бөлүнгөн 30 миң долларды мыйзамсыз ээнчилеп алуу фактысы боюнча издөө жарыяланган. Ошол учурда Шадиевге Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен сырттан айып тагылган.

УКМКнын маалыматына караганда, Шадиев 2018-жылы 27-апрелде Исфанага тууганынын акыркы сапарга узатуу зыйнатына жөнөп кеткен. Андан соң мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүп, Тажикстандан Москвага, ал жактан Нью-Йорк шаарына учуп кеткен.

Бусурманкул Табалдиев

Бусурманкул Табалдиев
УКМКнын мурдагы төрагасы Табалдиев — кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотууга айыпталгандардын бири. Тергөө кызматынын маалыматына караганда, Табалдиев коррупцияга шектелүүдө. Башка айыпталуучуларга салыштырмалуу Табалдиев сурактарга барган эмес, андан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Ага байланыштуу Табалдиевге 2019-жылы 15-июлда издөө жарыяланган.

Сот тарабынан аталган иш боюнча өкүм чыгып, ал кайра жокко чыгарылып, кайра кароого жөнөтүлсө да Табалдиевдин жүргөн жери бүгүнкүгө чейин белгисиз.

Алина Шаикова

Алина Шаикова

2019-жылы 5-августта Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башчысы Алина Шаикова коррупцияга шектелип издөөгө алынган.

Мамлекеттик каттоо кызматынын, «Инфоком» мамлекеттик мекемесинин, Каржы министрлигинин Мамлекеттик сатып алуу департаментинин кызмат адамдары жана башкалар жаңы үлгүдөгү паспортторду даярдоо кызматын сатып алуудагы коррупцияга айыпталууда.

УКМК Шаикова сурактарга барбай жана башка тергөө иштерине катышпай жатканын билдирген. АКИpress агенттигине Шаикова атайын кызматтын расмий билдирүүсүнө чейин бир ай мурда эле Кыргызстандан чыгып кеткени белгилүү болгон. Шаиковага издөө жарыяланып, аны УКМКнын ыкчам кызматкерлери издемек.

Албек Ибраимов жана Сапар Исаков

Сапар Исаков и Албек Ибраимов

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков жана Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимов соттун өкүмү менен түзөтүү мекемелеринде жаза өтөп жатышкан. 2020-жылы 6-октябрдагы Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтындагы окуялардан кийин абактан бошотулган. 10-октябрдан кийин Исаков жана Ибраимовдун жүргөн жери белгисиз болууда. Алар октябрдагы окуялардан кийин абактан бошотулган башка адамдар сыяктуу буга чейин жаза өтөп жаткан түзөтүү мекемелерине барышкан эмес. Ага байланыштуу Исаков жана Ибраимов мамлекеттер аралык издөөгө алынган.

Кашкар Жунушалиев жана Орозбек Опумбаев

Орозбек Опумбаев и Кашкар Джунушалиев

Мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана УКМКнын мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаев 2020-жылдын 5-октябрынан бери дайынсыз.

Буга чейин ИИМдин өкүлдөрү Кашкар Жунушалиев 5-октябрда өзүнүн рациясын өчүрүп, жок болуп кеткенин билдиришкен.

ИИМдин жана УКМКнын мурдагы башчыларына издөө жарыяланганы 2020-жылы 2-ноябрда белгилүү болгон. Бул тууралуу Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон жумушчу сапары учурунда айткан.

Алдын ала маалыматка караганда, Жунушалиев менен Опумбаев 5-6-октябрдагы окуялар боюнча изделип жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости