www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абадда облустук психикалык саламаттыкты сактоо борборунун бейтаптары бир жыл бою сейилдөөгө чыгышкан эмес. Бул тууралуу Кыйноолорду алдын алуу боюнча Улуттук борбордун аймактык өкүлү Алишер Эрматов билдирди.

Анын айтымында, мыйзамда бейтаптар күнүнө эки жолу сейилдөөгө чыгышы керек деп жазылган. Бирок, журналда сейилдөөнүн акыркы датасы - 2019-жылдын 19-декабры деп көрсөтүлгөн.

«Көрсө, ушул жылдын ичинде бейтаптарды бир да жолу сейилдөөгө чыгарышкан эмес экен, муну алар бейтаптар өздөрү да тастыкташты. Далил катары сейилдөө короосундагы видеокөзөмөлдөөчү камералардын жазуулары бар. Мындан тышкары, текшерүү учурунда ооруканадагы айрым дары-дармектер эскирип кеткени белгилүү болгон. Материалдар Жалал-Абад облустук прокуратурасына жөнөтүлдү », - деди Алишер Эрматов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости