www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

1-декабрда Азербайжандын аскер күчтөрү Тоолуу Карабактын чыгышындагы Лачын районуна киргизилди. Бул окуя алты аптага созулган согуштан кийинки ок атышууларды токтотуу тууралуу үч тараптуу макулдашуунун шарттарына ылайык Армения тарабынан Азербайжанга өткөрүлүүгө тийиш болгон үч райондун акыркысы болуп саналат.

Азербайжандын коргоо министрлигинин интернет барагындагы видео тасмада 1-декабрга караган түн ичинде Лачын районунун аймагына Азербайжандын желеги астында кирип бара жаткан танктар көрсөтүлгөн.

1992–94-жылдардагы согуштун айынан бул районду Азербайжан убактылуу колдон чыгарган болчу. Лачын району Армениянын эл аралык деңгээлде таанылган чек арасы менен армян жикчилери өз көзөмөлүнө алган. Тоолуу Карабак жикчил аймагынын ортосунда жайгашкан стратегиялык маанилүү жер болуп саналат. 

Эске салсак, Армения Тоолуу Карабактын жикчил бөлүгүн курчап турган азербайжандык үч районду – Агдам (Ağdam), Келбажар (Kəlbəcər) жана Лачын райондорун кайрадан Азербайжандын карамагына өткөрүп берүүгө мажбур болгон. Сентябрдын 27синде башталган согуш аракеттери 9-ноябрдагы Орусиянын арачылыгы менен жетишилген макулдашууга ылайык токтотулуп, Агдам району 20-ноябрда, Келбажар району – андан беш күндөн кийин, 25-ноябрда Азербайжанга өткөрүлгөн. 

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости