www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
23-майга караган түнү Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Комсомол айылынын жеке менчик мектебинен өрт чыккан.
Ири өрткө Сузак районунан жана Жалал-Абад шаарынан жалпысынан 7 күжүрмөн эсеп, 1 суу ташуучу унаа, 1 автошаты тартылып, ӨКМдин Жалал-Абад башкармалыгынын башчысы, полковник А.Закировдун жетекчилиги менен 80 өртөчүрүүчү катышты.
Мектептен чыккан тилсиз жоо саат 02:34тө чектөөгө алынып, 03:34тө толук өчүрүлгөн.
Алдын ала маалыматка ылайык, жалпы аянты болжол менен 1800 ч.м. түзүп мектептин 3-кабаты өрттөнгөн. Бактыга жараша жабыркагандар жок.
Учурда жеринде атайын комиссия курамы түзүлүп, өрттүн келип чыгуу себептери, материалдык чыгымдарды тактоо жумуштарын алып барышууда.
Аталган мектептин ишмердүүлүгү 2016-жылы башталып, 400дөн ашуун келечек муундарына билим берет.