www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ, 22-майда Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдын ишин жеке көзөмөлүнө алган. Жабырлануучунун айтымында, окуя 2025-жылдын 8-мартына караган түнү болгон. Үч жыл чогуу жашаган жигити чыр-чатак учурунда аны мыкаачылык менен сабаган.
“Эки күн үйдө жалгыз, жардамсыз жаттым. Көзүмдү ача албай калгам. Балдарым ошол күнү таенесиникине кеткен болчу. Эки күндөн кийин курбума чалсам, ал Тез жардам чакырып берди”, — деген аял.
Улуттук госпиталдын ыкчам медициналык жардам бөлүмүнүн дарыгерлеринин маалыматына ылайык, ал келген учурда баш мээси чайкалган, бетинде гематомалар жана жаракаттар болгон. Компьютердик томография жана рентгендин жыйынтыгында мурду, тиши жана бетинин сол тарабындагы сөөк үч жерден сынганы аныкталган. Ошондой эле эки көзү жабыркаган.
Ленин РИИБ маалымат берип, 9-март күнү Ленин РИИБге борбордогу ооруканага денесинен жаракат алган аял кайрылганы тууралуу маалымат түшкөн. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө келин медициналык жардамга муктаж болгон, анткени ал өзүнүн жарандык күйөөсү тарабынан сабалгандыгы аныкталган.
Окуя түнкү саат 02:00 чамасында Турусбеков көчөсүндөгү алардын батиринде болгон. Жабырлануучунун айтымында, эркек киши мас абалында, кызганычтан ага кол көтөргөн.
Бул факты катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бирок, 11-мартта келин эки тараптын элдешкенин айтып, экспертизадан баш тартып, жарандык күйөөсүнө доосу жок экенин билдирген. Мунун негизинде кылмыш ишин козгоодон баш тартуу тууралуу токтом чыгарылган.
20-май күнү келин мурдагы жарандык күйөөсүнө карата кайрадан арыз менен кайрылды. Анын айтымында, ден соолугундагы көйгөйлөр уланып жатканына жана кошумча дарылануудан өтүүгө муктаж болуп жатканына байланыштуу, ал жарандык күйөөсүнө карата мыйзам чегинде чара көрүүнү өтүнүүдө. Аталган факты боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесине (Денеге оор залал келтирүү) ылайык кылмыш иши козголгон.
Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү деп 1997-жылы туулган жаран кармалып, Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.