www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абад облусунда өспүрүм кызды кыйноо фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Милициянын маалыматы боюнча, 8-январдан 9-январга караган түнү болжол менен саат 23:30дан 4:00гө чейин бир нече адам эч кандай себепсиз 2009-жылы туулган кызды сабап, анын кашын жана чачын кыруу сыяктуу кемсинтүүчү аракеттерге барган.

Алынган жаракаттардан улам жабырлануучу Өзгөн райондук ооруканасына жаткырылган.

Окуя Бирдиктүү кылмыштар реестрине Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси "Уруп-сабоо, кыйноо" боюнча катталган.

Тергөө иш-чараларынын алкагында 1988 жана 2006-жылы туулган эки шектүү кармалды. Манас шаардык сотунун чечими менен алар бир айга камакка алынды.

Ошондой эле, милиция бөлүмү кармалгандардын бири мурда бейбаштык жана алдамчылык боюнча айыпталганын белгиледи.

Тергөө иштери уланууда.

Последние новости