www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалил Атамбаевдин УКМКда иштеген уулуна сөгүш берилди

Ишкер Жалил Атамбаевдин УКМКда иштеген уулуна сөгүш берилди. Бул тууралуу Атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.

«Ага атасынын жоругу үчүн сөгүш бердик. Албетте, үйлөнүү тою болушу керек. Бирок маселенин моралдык жагын кошо кароо керек да. Ушундай кыйын учурда миң кишини чакырып алып той бергени — акмакчылык», — деди Ташиев.

14-декабрда Ош шаарында УКМКнын тергөө органдары ишкер Жалил Атамбаевдин уулунун 12-декабрда өткөн үйлөнүү тою боюнча текшерүү ишин баштаган.

Жалил Атамбаевдин уулу учурда УКМКнын кызматкери экени, ага карата кызматтык иликтөө башталганы кабарланган.

Текшерүүнүн алкагында Жалил Атамбаев бул фактынын бардык жагдайларын тактоо үчүн УКМКнын тергөө органдарына чакырылган.

Жалил Атамбаевдин уулунун үйлөнүү тоюна Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев, Жогорку Кеңештин вице-спикери Аида Касымалиева, депутаттар Искендер Матраимов, Азамат Арапбаев, Алтынбек Сулайманов, элчи Ибрагим Жунусов жана башка белгилүү адамдар катышкан. Бул коомчулукта чоң талкуу жараткан.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости