www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жан кирди, эми иштээр...

Ош облусунун жетектеп турганда колунан иш келбеген мажирөө катары таанылган Таалайбек Сарыбашев жакында эле Ош шаарына мэр болду. Буга дейре сындан башканы укпай, чечкиндүу бир дагы иши менен көзгө көрүнө албаган Сарыбашев мэрлик кызматка отурганы сүр-сөөлөт күтө баштады.

Атың чыкпаса жер өрттө болдубу же чындап эле жанына таш баттыбы, айтор:« Жогорку Кеңеш менен шаардык кеңештин депутаттарын Ош шаардык мэриясынын кадрдык саясатына кийлигишпегиле», - деп жер муштады.

Мынчалыкка жеткен соң, кимдер иштетпей тоскоолдук жаратып, ишине кийилигишип жаткандардын аттарын атаса жарашмак.

Калп эле эл көзүнө «Ормон опуза» кылып күпүлдөбөй. Азырьшча дале болсо Ош облусун башкарып тургандагы таз кейпинен аша элек. Натыйжаны куру сөз менен эмес, иш менен көреөтүш керек.

Саясий оюндардын элге кереги жок...

Булак: "Ачык сөз"
 

Последние новости