www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg  маалымат агенттиги “мандатымдан ажыратуу одоно мыйзам бузуу жана мага козголгон кылмыш иштер негизсиз” деген Шадиевдин билдирүүсү боюнча айрым саясатчыларга “бул билдирүү Шадиевдики деп ишенсек болобу” деген суроо берип, жооп алууга аракет кылды. -Менимче азыр Шадиевдин башы маң болуп турат. Анткени, Шадиевге окшогондор америкада толтура. Ал Америкага качып кетип, ордун жоготту. Анын огу түгөндү. Ал качып жаңылды. Качпаш керек болчу. Ак болсо, ушул жерде далилдесе болмок. Тилекке каршы, коомчулукта ал киши тууралуу тескери пикир басымдуу болуп калды.

Эми эсине келип, поезд кетип калгандан кийин мен арыз жазган эмесмин. Менин мандатымды алуу мыйзамсыз дегени кабыл алынбайт. Эми баарын ордуна коюш ага кымбатка турат. Арыз жазган эмесмин деп танганына караганда, шаардагы миллиондогон доллар турган менчиктери тууралуу соодалашуусу оңунан чыкпай калса керек. Шадиевдин абалы ууруну каракчы тоногондой болуп жаткандай.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости