www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматын жетектеп жаткан Сыймык Жапыкеев, вице-премьер министр Максат Мамытканов жана Ширин Айтматованын күйөөсү Сыргак Кенжебаев менен бирге 25-декабрда “Жанат” ресторанында Садыр Жапаровго тай союп, уча тар-тып сыйлашыптыр. (Уча табакты мен көтөрүп барам, сен көтөрүп барасың болушуп талаш жаралыптыр).

Акыркы күндөрү Жапыкеевди оюндан сүрүп чыгаруу ыкмасы жүрүп жатканы ырас. Ошондон уламбы, же креслонун күчу кереметпи айтор, Жапыкеев жанталашып өз кызматын бекемдөөнүн айласын көрүп жаткан окшобойбу. Жапаровго кошомат иретинде тай сойгону аз келгенсип, “Чоң казатчылардан” 20 адамды алып барып кызмат кылдырыптыр. Ошондон бери Жапыкеев мырза кадимкидей каада күтүп, баягы саясий кухнясын унутуп баштаган шекилдүү. Кызмат илибой адамды жолдон чыгарат эмеспи. Берки Мамыткановго болсо сөз жок. Буга чейин ооз көптүрүп сүйлөп келсе, кызмат алгандан кийин, «кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты» болуп, “Чоң казатчылардан” куйругун туйүп качып жүрөт экен. Мына эл үмүт кылган биздин жигиттер! Баса, буга чейин бир тыйын акчалары жок эмес беле? Тайды кайсыл акчага союшту? Жанат ресторанына кайсыл акчаны төлөштү? Суроо көп, жооп жок!

Булак: Ачык саясат плюс гезити

Последние новости