www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
10-январь күнү Кыргызстандыктар өз тандоосун жасады. Ошол эле учурда көпчүлүк өз тандоосуна каршы чыгып, шайлоонун жыйынтыгын тааныбайм десе, кээ бирлери жаңы Баш мыйзам боюнча күзүндө кайрадан президенттик шайлоо өтүшү керек деп чыгышты. «Президенттик башкаруусу бар жаны Конституция кабыл алынышы керек». Мындай пикирин NazarNews маалымат агенттигине Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров бүгүн, 14-январда билдирди.
- Азимбек Анаркулович, эмнегедир экс-президент макамына ээ болгон Роза Отунбаева «президенттик шайлоону кырсык» деп атап, көпчүлүктүн каарына калды. Кырсык болгудай бул шайлоодо кооптуу нерселер орун алдыбы?
- Эмне үчүн антип айтканын Отунбаеванын өзүнөн суроо керек. 2020 - жылдын 5- октябрында, Ак үйдүн эл тарабынан алынышын мен «кырсык» дейм. Ошондо ондон ашык партия дароо биригип, Мадумаровду төрагалыгында координациялык кеңеш түзүшүп, бирок элди координация кылып, бир нукка салалбаганы да «кырсык».
Ошондо «Мекенчил» партиясы жоопкерчиликти жеке моюнга алып, тобокелчиликке салып, легитимдүү жолдор менен бийликти толук өткөрүп алды, реформаларды баштады, жаңы шайлоо өткөрдү, өлкөнү укуктук жолдон чыгарган жок. Муну мен «кырсык» дебейм, ЭРДИК дейм!
- Айтмакчы, Феликс Кулов да «референдумдан кийин жаңы конституция кабыл алынса, президенттик шайлоо болушу керек» деген оюн айтты. Ал көтөргөн маселе туурабы же бөйрөктөн шыйрак чыгарган жагдайды жаратып жатабы?
- Бир жагынан туура айтып жатат, анткени эл президенттик башкарууну тандады, демек, президенттик башкаруусу бар жаны Конституция кабыл алынышы керек. Жапаров азыркы парламенттик башкаруу системаны камтыган Конституция менен шайланды.
Президенттин, парламенттин, өкмөттүн ыйгарым укуктары, шайлоо тартиби, жана башка табияттары ар башка. Бирок бул маселе жаңы Конституцияны аракетке киргизүү тартиби жөнүндөгү мыйзам менен эле жөнгө салынат. Маселе ушуга окшогон техникалык мүнөздөгү маселелерди, жаңы Конституциянын өзүн кабыл алууда «ураачылыкты» азайтып, коомчулуктун кеңири пикирин угуп, катачылыктарга жол бербей, «Жапаровдун жеке Ханституциясы» деген атка калбаган чыныгы өткөөл мезгилдин баш мыйзамын кабыл алуу азыркы жаңы бийликтин эң башкы милдети.
Азыркы Конституциялык кеңешме эми Жапаровдун төрагалыгында жаңыланып, харизмасы, өзүнүн ой пикири, позициясы бар, аны ачык айткан практиктер, саясатчылар менен толукталышы керек. Ар бир талаштуу беренелер, институттар, ыйгарым укуктар боюнча өзүнчө талкуу, угуу өткөрүлгөнү шектүүлүктү азайтат.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg