www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шыкмаматов неге мынча кошаматчы ыя?

Атамекенчи болуп атагы чыккан Алманбет Шыкмаматов деген бар. 2010-жылдын 7-апрелине чейин эч нерсеси жок эле карапайым май-чүйдө саясатчылардын катарын толуктачу. Анан эле 7-апрелдеги революциядан кийин күтүлбөгөн жерден байып кеткенин көрүп жакасын кармагандар болгон.

Өмүрбек Текебаев камакка алынгандан кийин анын ордуна лидер боло калып рейтингин көтөрүп алган. Бирок кечээ жакында парламенттик шайлоодо Чиркешовичти сатып, Алтынбек Сулаймановдун колтугуна кире качкан.

Анан эле жакындан бери «Бир бол» деген масканы чечип ыргытып, Садыр Жапаровдун Нарын облустук штабын жетектеп, кошоматчылык жагынан алдыга киши салбай бара жатат. Анын ушунча өзгөрүлмө, кошоматчы экени ачык билинди.

Бу киши кайдан жүрүп эле Садырды кумир тутуп калганы белгисиз. Айтор Жапаровго ким сын айтса аны баса калып коргоп, ал үчүн төшүн тосуп жатканы кызык болууда...

Булак: Ачык саясат плюс гезити

Последние новости