www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ден-соолук да саясатка байланышып калды. Орусияны ойлогондор «Спутник» менен, Батышчылдар «Пфайзер», «Модерна», Кытай кыялындагылар Sinopharm менен эмделе баштады. Азыркы бийликти «өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем» деген Арзыбек Буркановдун тандоосунда апрелде биз 75 миң адамга жете турган Кытайдан 150 миң доза алсак, көбүнчө чоңдор, байлар эмделип жатышат. Күзүндө Орусиядан 250 миң адамга жете тургандай 500 миң «Спутник» алышыбыз мүмкүн. Жандары таттуу бийликтегилер, министрлер, байлар жанталашып коронавируска каршы биринчи эмделбей, балдарды алдыга койо берсе болмок. Эмнеси болсо да балдар эмне эмдөө каражаты экенин түшүнүшпөйт, качышы да мүмкүн. Алардын келечеги алдыда, көргөндөн, көрө элеги көп. Ошондуктан, атка минерлерди эмдей бербей, кандай шарт болсо да мектептерге бөлүп, мектеп окуучуларын катуу көзөмөлдүк менен эмдеш керек. Ушул жерге да балдардын эсебинен эмделишип, коррупция жабышып алат.

Карантиндин «кара пардасы» бир жылдан бери сыйрылбай турат

Былтыр ушул убакта пандемиянын запкысын көрүп жаткан элибиз үчүн өзгөчө абал, коменданттык саат жарыялоо менен карантин киргизилген. Бир гана Кыргызстанда эмес, бардык дүйнөдө. Коронавирусту расмий бир да адамга жуктурбаган Түндүк Корея аралдарда жайгашкан мамлекеттерди кошпогондо жер шаарындагы бирден–бир коронавирус жукпаган өлкөгө айланган. Таң атпай маалыматтар коронавирус деп какшанып, коронавирус деп бүтүп, ал эмес түшүбүзгө да карантин кирип калган. Эки айлык карантин ичинде адамдардын психикасы олуттуу өзгөргөн. Оору десе селт этип чоочуп кеткен макулуктарга айландык. Ошондуктан, карантин бүтөөр менен пневмония жабышып, далай мыкты адамдарыбыздан айрылдык.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев эгер коронавируска байланышкан абал начарласа чектөө киргизилиши мүмкүн экенин учурда абал көзөмөлдө экенин айтып, мамлекетке карантин кирбесе да бир топ чектөөлөр кирген. Ошого карабай бейтаптардын саны Бишкекте, Чүйдө жана Ысык-Көлдө көбөйүп баратат. Буга да жооп даяр, жуктургандардын санынын өсүшүнө авиакаттамдардын жанданышы себеп экенин, анткени эпидемиологиялык кырдаал анча жакшы эмес өлкөлөрдөн келген кыргызстандыктар бар дешет. Учурда  мектеп менен бала бакчалар жабылып, массалык иш-чараларга тыюу салынган. Башкача айтканда, былтыркы жылдын күз айларындагы чектөөлөргө кайттык. Мисалы, кафе-ресторандарда 50дөн ашпаган киши отурушу керек. Бизнестин ишин толук токтогон жок. Өзгөчө абал, коменданттык саат жарыялоо боюнча сөз жок, бирок баарын убакыт көрсөтөт.

Коронавирус жана тышкы саясат

Бул дарт илгиртпей шар кирип келер менен вице-премьер Алтынай Өмүрбекова, саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев иштеги шалаакылыктары үчүн кызмат орундарынан «шалп» этишкен. 2019-жылы эле Кытайда бул оору башталып, гуманитардык жардам катары белгилүү ишкер Аскар Салымбеков Кытайга 50 миң бет кап бергени талкууга түшкөн. 2020-жылы донорлор Кыргызстанга жалпысынан 774 миллион долларлык жардам көрсөтүүгө убада беришкенин, бул акчанын 343 миллиону бөлүнүп берилгенин Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлаган. Тыштан жардам коронавируска каршы күрөш үчүн гана эмес, бюджетти колдоо үчүн да суралганы, бөлүнүп берилген 343 миллион доллардын 271 миллиону насыя, 72 миллиону грант катары келгени маалым болгон. Кыргызстанда башка мамлекеттер сыяктуу эле коронавирус бир тараптан жүрөгүнүн үшүн алса, бир жагынан пневмония илдети эч кандай белгилери байкалбай эле өөрчүп шаштыны кетирген. Мындай кыйынчылык башка түшүп жатканда мамлекет тарабынан эмне жардам болор экен деп эл күтүп турушту. Бирок, мурун алынган тышкы карыздар эле Кыргызстанды муунтуп келе жаткан. 2020-жылдын жарым жылдыгы үчүн мамлекеттик карыздарды тейлөө үчүн эле 15 миллиард 972 миллион 100 миң сом кетти. Алардын ичинде мамлекеттик тышкы карыздарга 7 миллиард 608 миллион 300 миң сом кетсе, мамлекеттин ички карыздарына 8 миллиард 363 миллион 800 миң сом кетти.

Окумуштуулар 100 миң адамга туура келчү учурду санап жатат. Азыркы тапта статистика анчалык кооптуу эмес. Кооптуу бул сырттан келген эмдөө каражаттарын колунда барлар гана пайдаланып жатканында. Буга чейин Бейшеналиевдин орун басары  эгер эл санитардык нормаларды сактабаса жана оорулуулардын саны көбөйсө чектөөлөр киргизилиши ыктымал экенин билдирген.

Бишкек шаарында коронавирустун 195 учуру катталган.  Бул тууралуу брифингде Мамэпидкөзөмөл боюнча башкы дарыгердин орун басары Айнагүл Рыскулбекова билдирди. Дарыгердин айтымында, анын ичинен лабораториялык тастыкталган – 177 учур, клиникалык-эпидемиологиялык пневмония – 18 учур. «Ленин району – 32, Биринчи май району – 31, Октябрь району – 56, Свердлов району – 44 учур. Башка облустардан илдет жуктуруп алган 32 адам каттоого алынды. Клиникалык симптомдору бар 134 адам, ал эми 14 адам симптомсуз кайрылышкан», - деди ал. Анын маалыматы боюнча, бир суткада стационарларга 31 адам жаткырылып, 164 адам амбулатордук түрдө дарыланышууда.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости