www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бразилияда төрөттөн кийин комага түшкөн аял ымыркайына денеси тийгенде өзүнө келди. Ага чейин дарыгерлердин эч бир аракети жардам бербей жаткан деп жазды Daily Maiге шилтеме жасаган Калыс медиа.
28 жаштагы Амманда де Сильва ай-күнү жакындап калганда талмасы кармап, ооруканага түшөт. Дарыгерлер аялдын оорусу дагы тутуп калса, эне-бала өлүп калышы мүмкүн деген жүйөө менен тез арада операция жасашат. Бирок аялдын абалы оорлошуп, жасалма комага жайгаштырышат.
Бир нече күндөн кийин эненин өмүрүнө эч кандай коркунуч жок деген корутунду чыгарылат. Да Сильвага тынчтандыруучу үкөлдөрдү берүү токтотулат. Бирок аял өзүнө келбей койгон.
Ак халатчандардын эч бир аракети майнапсыз болгондо, ошол жердеги медайым энеге ымыркайын карматып көрүүнү сунуштайт. Наристесин бооруна койгондо эс-учун билбей жаткан аялдын жүрөк согушу тездеп, көзүнөн жаш ага баштаган. Ушундан кийин Амманданын абалы улам жакшырып отуруп, 20 күндө ооруканадан чыкты.
“Мындай бат өзгөрүүнү биз таптакыр күткөн эмес. Дарыгерлердин баары сүйүнгөнүнөн ыйлап жатты”, — дейт медайым. Мында нерсени түшүндүрүү абдан оор. Кантсе да ата-эне менен баланын байланыш күчү "өзгөчө" эмеспи.
Булак: NazarNews.kg