www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаныбек Абиров: “Мен 12 жылдык окууга толугу менен каршымын”

-- Жаныбек Болотбекович, “мектеп окуучуларын электрондук кезекке коюу боюнча көйгөй бар” дедиңиз. Маселе эмнеде?

-- Азыркы учурда Бишкек шаарында чоң көйгөй жаралып жатат. 70 миңдин тегерегинде окуучу биринчи класска барат. Бирок электрондук кезекке турганда ата-энелер кыйналышууда.

Анан порталы туура иштебей, жарандарга маалымат жеткен жок. Портал иштеши керек болчу. Экинчиден, электрондук тизме менен кабыл алынса, шаардагы он миңдей бала мектепке кире албайт.

Себеби, бир класска 25-30 гана бала алыш керек. Бизде кырктай окуучу окуйт, калган он адам каякка барат? Жеке мектептерге барганга акысы өтө кымбат. Ошол жагын да караш керек.

-- Сиз айткандай, электрондук кезек менен 20-25 бала кабыл алынса, калган балдар каяктан окуйт?

-- Быйыл ошон үчүн он беш мектеп салынат. Ар бирине эки миңден окуучу кабыл алынса, отуз миң баланын маселеси чечилет.

-- Он беш мектеп быйыл бүтөбү анан?

-- Убада берип атышат. Билбейм, аткаруу бийлиги, мэрия кандай иш алып барышат...

-- Он эки жылдык билим берүүгө оюңуз кандай?

-- Биринчиден, он бир жылды сапаттуу окута албай жатабыз. Анан дагы бир жылга созуп... Өзүңөр билесиңер, 10-11-класстар “качан биз университетке тапшырабыз?” деп жөн эле шалпактап жүрүшөт. ОРТга даярдык да начар болууда. Ошон үчүн мен 12 жылдык окууга толугу менен каршымын.

Булак: Азия News гезити

Последние новости