www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шербет Келдибекова кыргыз кыздар поэзиясынын Корифейлеринитн бири эле. Ал өткөн кылымдын 70-жылдары эл оозуна алынып калган кези экен. Ар кандай альманахтарга чыгып, теле берүүнүн ар дайым мейманы болуп, СССР мейкиндиктерин кыдырып, өзү да китеп чыгарып калчу.  Анан талантты аздектеген, курч калеминен улам 60-жылдардын ортосунда эле элге таанымал болгон Алым Токтомушев менен бирге өмүр сүрдү. Ашып кетсе Алым Токтомушев 8 ай узак жашаптыр. Бирок ал, 2013-жылы ноябрдын аягында Шербетин жоготту. Шербет Келдибекова толгон айдай суналып барып, бул жарыкчылык менен биротоло кош айтышты. Түнү боюу аны күзөтүп көз ирмебеген Алым Токтомушев бир аз көз ирмеп алсын дешкен экен, Шербетинин бул турмуш менен кол үзүшүн Алым Токтомушев абдан оор кабыл алды. Анын ыйын угуп отуруш да каңырыкты түтөтөт. Ошондо Алым Токтомушев жыл айланбай өзү жатып каларын сезди бекен? Алым Токтомушевди Шербет Келдибекова жетелеп кетти. Коюлганда да мүрзөсү айланып келип так Шербетинин жанына келиптир. Алым да, Шербет да жөн кишилер эмес, кыргыз элинин таланттары... Шербет Келдибекова тирүү болгондо жетимишке толмок.

 

... Биз эми өлбөстүккө өттүк дайым –кыйырсыз кылымдардын өмүрүбүз

Ааламда жылдыз толуп ошол кезде, 

Деңиздер турган эле толкуп –ташып.

Дүйнөдөн өчөөр кезде –

Дүбүртү кылчактатып...

 

... Кеткенбиз кезип бүтүп тиричиликти,

Кейиште узатты эле жер жандары.

Учканбыз учсуз –түпсүз аалам –жайга,

 Угулбай уу –дуу түшкөн армандары.

 

Деңиздей оодарылып ошол кезде,

Деңиздей калган эле биздин өмүр –

Дүйнөгө агып кирип дайра сымал.

 

Жадырап калган эле жаздар, жайлар,

Жаш гүлдөр жаңы бүрдөп ачыла албай.

... Кеткенбиз кыйыры жок жолду баштап,

Кеткенбиз  кыяматтык жардай таштап.

 

Кызарбай өчкөн эле күндүн шары,

Кыямат кеткен эле көңүлүбүз.

... Биз эми өлбөстүккө өттүк дайым –

Кыйырсыз кылымдардын өмүрүбүз.

 

Улуу өмүр толкуп турду, уланып улам жаңы түйшүк менен

Жылдыздар толуп турду зор ааламда,

Нурлары жерге –сууга сиңип кетип.

Чайпалып ташып турду улуу турмуш,

Толкуну жүрөктөрдү дирилдетип...

 

Бакытты издеп жүрдүк башаламан,

Бакытты издеп жүрдүк бардык жактан.

 

Улуу өмүр толкуп турду, бүтпөс сапар-

Уланып улам жаңы түйшүк менен.

Чындыкты издеп жүрдүк башаламан

Чындыкты издеп жүрдүк бардык жактан.

 

Дүйнөнүн бирдигинен жылдыз көрдүк,

Дүйнөнүн бирдигинен көрдүк мүрзө.

Дүйнөнүн бирдигинен чындык көрдүк:

Дуулады бакыт, сүйүү бардык тилде

Дуулады сан –саат өмүр... доор - дооран

Дуулады акыл –сезим, Адам –заман.

 

 

Оокумга дүйнө тымып, жылтырайт түпкүрүнөн – улуу тирлик!

Ошентип карегиңе жашоо күйдү,

Ошентип жүрөгүңдө жашоо жүрдү.

Адамсың, Адамсың да,

Көп ирет өңү түсүң өзгөрүлдү.

 

Каныңда кайнап турган турмуш ошол,

Өңүңдө жайнап турган турмуш ошол.

Жаныңды тынчытпаган –тирүүчүлүк,

Жарыңдан ысык турган – тирүүчүлүк.

 

Кыялдай көкөлөгөн турмуш ушул,

Кыялдай өсө берген турмуш ушул.

О, алар –жомок – анын үзүндүсү;

Жазмыштай тороп үнсүз сулк селейет.

Жашоодой толкуп күңгүрт шоорат берет.

Оокумга дүйнө тымып,

Жылтырайт түпкүрүнөн – улуу тирлик!

 

Тянь-Шань түнү

... Дүңгүрөгөн туяктар жерди жара,

Эсеп жетпей селдеген тулпарларга.

Дүбүрттөрү жаңырып алда кайда

Тоонун койну толтура сан караандар-

Жылдыз менен, ай менен көчүп жаткан

Кыймылдуу түн, тынчсыз түн Тянь-Шанда.

 

Укуругун кармаган жаш жылкычы,

Билгениндей ойнотуп аргымагын.

Тосуп кетип баратат МҮРЗӨ жакты

Тебелетпей арбагын бабалардын.

 

Күйүп кетип баратат, сан жетпеген,

Жылдыз болуп көздөрү тулпарлардын.

Жаңы келген жаш келин сен эмнеге,

Селт ойгонуп сырт жакты тыңшай калдың.

«Козголгонбу коктулар капырай», -деп

Дүбүрөгөн үндөргө таң калбагын,

Кадимки эле түнү бул Тянь – Шандын.

 

... Өтүп жатып жанынан күмбөздөрдүн,

Жылкычы сен токтолуп кимди эстедиң?

Угулдубу кайдадыр керемет үн

Бийледиби боюңду сыйкыр сезим?...

... Алар өткөн өзүнүн заманында

Айдап нечен жылкынын түнкү көчүн.

 

Алар өткөн дал ушул коктулардан,

Сөөктөрү да тоо – таштуу жерде калган.

Учурунда укурук колго алышып,

Ат ойноткон булар да аскалардан.

 

... Дүңгүрөгөн туяктар жерди жара,

Эсеп жетпей селдеген тулпарларга.

Дүбүрттөрү жаңырып алда кайда

Тоонун койну толтура сан караандар-

Жылдыз менен, ай менен көчүп жаткан

Кыймылдуу түн, тынчсыз түн Тянь-Шанда.

 

Канча өмүр күйүп –өчтү

Ак –кара, өмүр –өлүм, чындык –жалган,

Абалтан ажырашпай жашап калган.

Эки кол, эки буттуу, жалгыз баштуу –

Сен Адам, жашоо үчүн жүрөктү алган!

Сен Адам, жашоо үчүн күрөштү алган...

 

Төгүлө албай канча суу шарпылдады,

Көрүнө  албай канча учкун жаркылдады.

Канча түн күндүн түшүн сүйлөп кетти,

Канча өмүр күйүп –өчтү...

... Бир гана суудай тунук жомок калган!

Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

Последние новости