www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Түндүкэлектр” компаниясына Кыргыз мамлекеттик тарых музейи миллиондон ашык сом карыз. Бул тууралуу аталган компаниянын басма сөз кызматы билдирди.
1,35 миллион сом карызы бар тарых музейинен сырткары, Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейи 477 миң сом, ЖАМКнын №21 бөлүмү миллиондон ашык сом, Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын мамлекеттик департаменти 2,6 миллион, “Ысык-Көл” мейманкана жана соода борбору 2 миллион, “Продсервис” ЖЧКсы 8,3 миллион сом карызы менен тизмеде турушат.
Мындан сырткары, “Түндүкэлектр” компаниясына Улуттук хирургия борбору 757 миң, “Бишкексвет” 137 миң, Талас облусунун сууканал ишканасы 3,2 миллион сом карыз.
Булак: NazarNews.kg