www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча атаандаштарын кыйла артта калтырган Садыр Жапаров  россиялык "Комерсант" басылмасына интервью берип, анда элдин ишенимине кантип киргенине чейин айтып берген. 

Жапаров абакта өткөргөн 3,5 жыл ичинде ошол жердеги жөнөкөй жарандарга жардам берип турганын белгилеген.

--"Түрмөдө отурган кезде кылмышкерлерге жардам берген жокмун. Жөнөкөй жарандарга гана кол сундум. Абакта отурган маалда мага жүздөн ашык адам кайрылып, баары тең эркиндикке чыгышты. Кийин алар мени жакшы адам деп маалымат жайылта башташты. Эркиндикке чыкканымда алардын бардыгы митингде жүрүштү, мени колдоп жатышты. Үчүнчү революциянын сыры ушунда", — деди Жапаров.

Ал ошондой эле "Одноклассники", Facebook, Instagram тармактарында группаларды түзүп, эл менен байланышта болуп турганын белгилеген.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости