www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээги шайлоо, шайлоо системасын түп тамырынан өзгөртүү керек экенин далилдеди», - дейт белгилүү журналист Наралы Асанбаев. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

«Ушул жол менен шайлоо өткөрөбүз деп шадыраңдай берсек, кийинки шайлоолордо 20 пайызга жетпеген шайлоочу катышат. Азыр көпчүлүк серепчи сөөрөйлөр добуш бербеген 65 пайыз шайлоочуларды мамлекеттин чыккынчысы, эртеңкиге кайдыгер, акча менен добуш бергендер деп айыптап жатышат. Бул кебиңер бери эле дегенде акылсыздык, өз элин сыйлабагандык.

Добуш берүүчүлөрдүн 60 пайыздан ашыгы кара курсактын айынан чет өлкөдө, Бишкек менен Ош шаарында жүрүшөт. Аларды жүргөн жеринен добуш берүү укугунан ажыратып салганбыз. Четте жүргөндөр Мекендин кадырын серепчи болуп жаткандардан жакшы билет. Аларды чыккынчы, акчага сатылгандар деп айтуу туура эмес.

Айыл жерлеринде добуш бере тургандардын реалдуу көрсөткүчү кечээ күндөгүдөй эле. Кагаз көтөрүп добуш берүү биздин абалга туура келбей турганын көрдүк. Эми электрондук добуш берүүгө өтүшүбүз керек экен. Мындай жол экономикалык жактан дагы ыңгайлуу. Бул жыл жалаң шайлоо менен өтө турган болуп калды. Ушуну эртерээк ишке ашырууну пландаш керек», - деди ал.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости