www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аламан жарышта күчтүү саяпкердин тулпары маарага биринчилерден болуп келет. Шайлоодо башкы саяпкер – эл, демек, карапайым калк өз келечегин өзү татыктуу тандап алаары турган иш. Маарага кимдер чыгат, албетте 75 партиянын бардыгынын эле шайма-шайы барбы? Бүгүнкү учурда кайсы лидерлердин жанына эл чогула баштады:
1.Бишкекте болгон эки шайлоодо тең жеңишке жетишкен “Ата –Журт” партиясы бийликке эреркеп турган убагы. Мурун “Ата-Журт” десе Эркебаев Шүкүрбекти түшүнгөн эл, “Ата-Журт” десе Кыргызстанды эмес, азыркы учурдагы камчы чаба турган партияны түшүнүп калышты. Мыйзам боюнча президенттин партияны колдоого укугу жок болгондуктан, “доссекретардын” таасири алдындагы партияга көп адамдар көз артып жатат. “Ата-Журт” партиясы Ахматбек Келдибековго ыкташы да мүмкүн.
2.2010-жылы апрелде Убактылуу Өкмөт бийликке келген соң өздөрүн эл аралык мааниде мыйзамдаштыруу максатында Башмыйзамды жазышкан. Элдин оюу ал кезде Конституцияда эмес Ош жаңжаалы болуп жаткан учурда референдум аркылуу шашылыш кабыл алышкан. Бул Баш мыйзам боюнча Батыш таңуулаган беренелер кирип, аларга жагыныш үчүн парламенттик мамлекет болуп калганбыз. Буюрса спикер болом деген үмүт менен Баш мыйзамды жазып жаткан Өмүрбек Текебаев “Ата-Мекен” шайлоодо жеңип келет деп үмүттөнүп, ушул жолго түшкөн. Бирок, “Ата-Журт” партиясы маарага биринчи келген. Мыйзам боюнча коалиция түзүп өкмөт башчысын шайлап, мамлекетти башкармак. Тагдырдын тамашасы менен коалиция түзүү Убактылуу Өкмөт таянган СДПК партиясына берилген. Ал жатындаш “Ата-Мекен” партиясы жана өзүнүн канынан чыккан “Республика” партиясы менен биригип түзүүнү чечкен коалиция парламенттен өтпөй калып, маскарачылыктын шооратын кечкен. Бирок, ага да моюган жок, биринчи келген “Ата-Журт” партиясына жабышып экинчи аракети менен эптеп коалиция түзүшүп, өкмөт кураган.
Ушул жерден Башмыйзам одонолук менен бузулган, Ош облусунан 120 миң добуш топтогон Ахматбек Келдибеков жана Жалал-Абад облусунан 48 миң добуш алган бул партия өлкөдөгү стабилдүүлүк үчүн коалиция түзүүгө мажбур болгон. Бул партиядан Ахматбек Келдибеков спикер болгон. Бийликтин административдик ресурстары менен президент болуп шайланган Алмазбек Атамбаевдин эң биринчи максаты аны спикерликтен алып, каматуу болгон. Учурда Ахматбек Келдибековдун айланасына көп ишенимдүү адамдар топтолууда.
3. Бийликтин ээринен ар кандай себептер менен “жыдып” калган адамдар да өз электоратын издей башташкан. Мындай кызматынан айрылган “аягы жок” адамдарга камакта жаткан мурунку президент Алмазбек Атамбаев “Туу” болчудай. Булардын арасында Абдраимов Туйгунаалыга окшогон Атамбаевдин убагында министр, БШКнын төрагасы болуп жүрүп, Атамбаев бошотуп, аны жеткен жерге жамандап жүргөндөр да бар. Ал “сулуу” кыздарга гана маек берем деп жүрүп, Чүйдүн губернатрунан да Сооронбай Жээнбековдун учурунда бошогон.Бул топ бүгүнкү бийликке ачык эле каршы чыгып, Атамбаевдин заманында жыргап кеткенсип, бийликтин түбүнө жетип, Атамбаевди кайрадан түрмөдөн түптүз президент кылып алып келебиз деген ойлорун жашырышкан жок. Угушубузча бул топко жыла басып Өмүрбек Бабанов да кошулуп, акчалай көмөгүн көрсөтмөкчү.
4. Көп жылдардан бери бийлик менен тирешип, бирок дайыма экинчи орунду алып калып, бийлик менен кайрадан тирешип, түрмөнүн тузун жалаган Өмүрбек Текебаев Германияга элчи болуп кеткенден баш тартты. Бүгүн андан оолактап качкан Садык Шер-Нияз, Рыскелди Момбеков, Жанар Акаевдердин ордун толтуруу үчүн Курсан Асанов сыяктууларга куда түшө баштады. “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов да ушул жакка ооп жүргөндөй.
5. Жети шайлоого катышып жеңилиш менен чыккан Адахан Мадумаров деген бар. Баса, жетинчи ирет 2020-жылдын 4-октябрында чоң жеңиш менен кайткан. Арийне, аягы ызы-чууга айланган бул шайлоо жарабай калды. Азыр күчтүү саясатчылар Мадумаровко тишин кайрап турган убагы, ошондуктан анын таяке-тайын козгошуп, таажездеси Олимжон акенин ал Орусияда окуп жүргөндө көп көмөк көрсөткөнүн чукуп чыгууда. Мындай кабар шайлоодо махалляга гана баш ийип ким бийликке келсе ошону колдошкон өзбектерди көп жакшы көрбөгөндөр үчүн майдай жагат.
6. Солтолор да соолуктап турган убагы. Чүйлүктөр толуп кетиптир кудай акы бир да солто жок. Ошол үчүн “Ак асабасын” көтөрүп Эштектин тукумдары да жарышка чыккан. Булар солтонун намысын үчүн бириккени менен аламан байгеде жеңиш көрүнбөй тургандыктан, кайсы топко кошулар экен?
Өлкөдө парламенттик шайлоо жакындаган сайын саясатчылар дагы, эл дагы жанданып баштады. Айрыкча карапайым калктын “бул ирет акыл калчап тандоо жүргүзөбүз” дегени жакшы жышаан катары бааланууда. “Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет” демекчи, элдин дагы көзү ачылып бүттү. 2010-жылдан берки шайлоолордо жалаң капчыктууларга азгырылып, аларды шайлап келишсе, эми алардан майнап чыкпаганына ынанып, “бул жолу өлкөнүн келечегин акча менен эмес, акыл менен тандап, билимдүү, иш билги лидерлер баштаган партияларга добуш беребиз” деп айтып жатышканы кубантууда.
Ал эми бүгүнкү күндө парламенттик шайлоо жакындаган сайын саясаттын казаны кайнап, шайлоонун шаңы башталып кетти. Айрыкча бийликке ыктаган талапкерлер эмитен эле ымалашып, белгисиз партиянын тегерегине бириге башташты. Кээ бир партия лидерлери “бизди эл колдойт” таризинде кеп таратып, кошоматтын коюн союп келишет. Электораты жок, көчөдөн эле бир партияны алып чыгып, акчанын таасири менен өткөрүп алышабы? Аларга ыктап, жандалбастап жаткан саясатчыларды, учурдагы депутаттарды карап көрсөк, баары эле азоо, кашаң аттардай. Алар мекен жүгүн татыктуу көтөрө алышабы? Бул жагынан алганда эл аларга иренжип турганы жашыруун эмес. Ошондуктан, эл өзү татыктуу тулпарды таптап чыкканы калды.
Быйыл эң орчундуулардын бири – парламенттик шайлоо. Саясаттын курчуп атканы да шайлоого байланыштуу. Эл саясатташат, өйдө-ылдый убадалар берилет. Кайым айтышуу, сын пикирлер көбөйөт. Саясат эмнеге курчуйт? Буга бир нече факторлор бар. Соцтармакта отурган жаштар коомдогу коррупциялык, экологиялык, мыйзам бузууларды, сот системасындагы терс жагдайды, реформа болбой кашаңдап аткан маселелерди, укук коргоо органдарындагы жат көрүнүштөрдү алып чыгып атышат. Булардын баары биригип шайлоого таасир этип, саясый кырдаалды күчөтөт. 2021-жылды саясый күрөштүн, тирешүүнүн жылы деп айтабыз. Анысы ал, шайлоо бүткөндөгү жыйынтыгы да нааразычылыктарды жаратат.
Шайлоо ачык, таза, тез, мыйзам чегинде болсо болсо бир жөн. Эгерде бийлик кандайдыр бир партияны сүрөп чыгарам, өткөзөм деп административдик күчтөрдү колдонуп, мыйзам бузуулар байкалса, оппозиция чыгып, саясый атаандаш көз карашта жүргөн саясатчыларга кысым көрсөтүп, буларды четтетебиз десе, анда чоң саясый тобокелчиликке жол ачып коёт. Аты жок партияны апкелип “ушул утуп келди” десе, же анын тарыхы, программасы, идеологиясы, лидери, басып өткөн жолу болбосо, мындайга элдин ишеними кетет да.
Өкүртүп убадаларды берип, элди алдап, азгырып келип алган партиялар азыр эмне болуп атат? Эки-үч-бешке бөлүнүп, ич ара бирин-бири жекирип атышат. Анткени партиянын идеологиясы жок, программасы болбогон. Алар бир принцип үчүн күрөшкөн эмес. Мындайды элибиз түшүнүп, тандоо капчык менен эмес, акыл менен болуш керек экенин билүүсү шарт.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg