www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жарык күндө өчөт

Вице-премьер Равшан Сабиров парламентте сүйлөп жатып, Кыргызстанда жарык өчүп турушу ыктымалдыгын айтты. Анын билдиргенине караганда, бул маал-маалы менен өчүрүүгө кирбейт.

Болгону автоматтык подстанцияларга күч келгендиктен жарык өчүп калышы мүмкүн. «Бүгүнкү күндө электр энергиясын колдонгондордун саны өсүп жаткандыктан подстанцияларга күч келип жатат.

Кечээ кечинде көрсөткүч 67 миллион кВт/саатка жетсе, күндүз 70 миллион кВт/ саатты түзгөн. Керектөө суткасына 7-10 миллион кВт/саатка өсүп жатат. Бул маал-маалы менен эмес, автоматтык өчүрүүлөр» деди Сабиров.

Ошондой эле ице-премьер Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13 миллиард куб/метр экенин кошумчалады.

Булак: «Азия News» гезити

Последние новости