www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда жаш кыздардын зордук зомбулукка, кордолууга кабылышы — улуттук трагедия. Мына Ысык Көл облусунда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн 17 жаштагы окуучу Айсулуу Мукашеванын окуясы — балдардын укугу боюнча кызматтын кандай шартта иштеп жатканы тууралуу олуттуу суроолорду жаратты.
Кыргызстанда жаш кыздардын зордук-зомбулукка, кордолууга кабылышы, айрыкча мектеп жашындагы өспүрүмдөрдүн тагдыры тебеленип жатканы жүрөк өйүгөн улуттук трагедияга айланып баратат. Ал арада бул көйгөйгө жооптуу болууга тийиш болгон мамлекеттик кызмат – Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдүн (омбудсмендин) иши көрүнбөйт. Бул кызматты аркалап жаткан Асел Чынбаева коомчулукка эмне иш менен белгилүү? Эмне иштерди аткарып жатат? Же ал да "айлыгын алып эле жүргөн" кадимки чиновникпи?
Асел Чынбаева дал ушул балдардын укугун коргоо, аларды коопсуз чөйрөдө өсүп-өнүгүүгө шарт түзүү үчүн дайындалган эмес беле? Эмне себептен ал бул зомбулуктардын, басмырлоолордун, укук бузуулардын токтошуна же алдын алууга таасир бере албай келет? Бүгүнкү күндө анын омбудсмен катары кандай мыйзамдык сунуштарды көтөрүп чыкканы, балдар укугун коргоо боюнча кандай координациялык иштерди алып барганы жөнүндө маалымат дээрлик жок. Ачык айтыш керек, анын аткарган иштери коомчулукка жетпейт, чыныгы натыйжа байкалбайт.
Кыргызстан БУУнун "Балдар укугу жөнүндө конвенциясына" кошулган өлкө катары, бардык балдардын укуктарын сактоого жана аларды зомбулуктан коргоого милдеттүү. Бирок бул багытта системалуу иштер жүрүп жатабы? Маселе мыйзамда эмес, анын ишке ашуусунда. Асел Чынбаева ушул көйгөйлөрдү чечүү үчүн эмне сунуш кылды? Коомчулукка канча жолу үн катты? Президентке, Жогорку Кеңешке канча жолу кайрылуу жасады? Бул суроолор жоопсуз бойдон калууда.
Мындай оор абалда унчукпай отуруу — кылмышка жол берүү менен барабар. Асел Чынбаева өзү каалабаса, балким, бул кызматты чындап аткара ала турган, коомчулук менен иштеше билген, күчтүү жарандык позициясы бар адиске бошотуп бериши керек чыгар. Коом унчукпай отурбашы керек. Балдардын үнү коомдун үнүнө айланышы шарт.
Кыргызстанда баланын укугу – биринчи орунда турушу керек. Бул укукту коргой албаган мамлекеттик кызмат — жөн гана формалдуулук бойдон калат. Ал эми формалдуулук – чыныгы трагедияга айланат. Мамлекет жана анын өкүлдөрү — анын ичинде Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл — ушул сыяктуу окуялардын кайталанышын токтотуу үчүн жоопкерчилик алууга тийиш.