www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

21-кылым — геосаясий кармаштын, экономикалык үстөмдүктүн жана жаңы идеологиялык согуштардын кылымына айланууда. Бул жаңы доордон өз алдынча жол таап, дүйнөлүк сахнада өзүнүн үнү, салмактуу орду барын далилдей алган Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин экени талашсыз чындык. Анын башкаруусу — жөн гана саясий кызматты аркалоо эмес, бул — бүтүндөй Кытайдын өнүгүү философиясына айланган көрүнүш.

Си Цзиньпин бийликке 2012-жылы Кытай Коммунисттик партиясынын баш катчысы болуп келгенден бери, мамлекеттин багытын так аныктап, саясий туруктуулуктун символуна айланды. Анын лидерлиги — салттуу кытай саясий маданияты менен заманбап башкаруу принциптерин айкалыштырган уникалдуу модель.

Дүйнө Си Цзиньпинди стратегиялык ой жүгүртүүсү күчтүү лидер катары билишет.  Ал Кытайды өндүрүшү кубаттуу заманбап технологиялык өнүгүүгө чыгарууда узак мөөнөттүү пландарды иштеп чыгып, туруктуу экономикалык өсүшкө жеткире алды. Бул үчүн тартипти бекем кармаган позицияны жактап, коррупцияга каршы күрөштү мамлекетти башкаруунун өзөгүнө айлантты. 

Ошондой эле, “Кытай түшү” концепциясы аркылуу улуттук биримдикти жана өнүгүүнү пропагандалоодо элинин улуттук духун көтөрдү. Мындан тышкары, “Made in China 2025” программасы менен өндүрүштү модернизациялоого багыт берди. Экологиялык саясат күчөтүлүп, “жашыл өнүгүү” темасына басым жасалды. Санариптик экономикага өзгөчө көңүл буруп Alibaba, Huawei жана TikTok сыяктуу гиганттар дүйнөлүк рынокко чыкты.

Ал эми Си Цзиньпиндин тышкы саясаттагы аракети Кытайды дүйнөлүк аренадагы маанилүү глобалдык оюнчуга айлантты. Анын демилгеси менен ишке ашырылган “Бир алкак — бир жол” долбоору Азия, Африка жана Европаны байланыштырып, Кытайдын экономикалык таасирин кеңейтти. Бул — жөн гана транспорттук логистика эмес, бул — Кытайдын идеясынын экспорту.

Ошол эле учурда, Си Цзиньпин Батыш дүйнөсүнүн кысымына карабай, өз алдынчалуулукка таянган тышкы саясатты карманып, АКШ менен болгон «соода согушунда» жана Тайвань маселесинде, Россия менен Украина жаңжалында принципиалдуу туруктуулугун көрсөтүп, эрктүү саясатчы экенин айгинелди. 
Бирок Си Цзиньпиндин башкаруу стили кээде авторитардык башкаруу катары сынга алынып келет. Буга Конституциядан мөөнөттүк чектөөнүн алынуусун, жалпыга маалымдоо каражаттарына болгон көзөмөлдүн күчөшүн, жарандык коомдук ой-пикирлердин чектелишин мисал катары карашат. 

Ошентсе да эң негизгиси — Си Цзиньпиндин феномени азыркы замандын талабы менен жаралган, Кытайдын уникалдуу жолу менен калыптанган жана тарых тарабынан бааланчу лидерлик мектеп катары кала бермекчи!

Гүлжан Шерипбаева, NazarNews маалымат агенттигин башкы редактору

Последние новости