www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаза аткаруу кызматына вируска каршы жабдуулар берилди

Жалпы суммасы 5 млн. 492 миң сомдук медициналык жабдууларды, дезинфекциялоочу жана коргоочу каражаттарды Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматына (ЖАМК) "Сорос-Кыргызстан" фонду берди.
Октябрь айында кыйноону алдын алуу боюнча улуттук борбор, Акыйкатчы институту жана «Бир дүйнө - Кыргызстан» уюму чогуу жүргүзгөн иликтөө Кыргызстандагы жабык жайларда пневмониянын симптомдору миңден ашык адамдан байкалганын маалымдашкан. Алар жүргүзгөн иликтөөдө 47-колонияда миңге жакын адам пневмония менен кайрылганы жана алты адам каза болгону жазылган. 22 адам ПЧР тестин тапшырган.

Жаза аткаруу кызматы мекемеге карата дооматтарды четке кагып, COVID-19 пандемиясы башталгандан бери илдетти алдын алуу боюнча бардык тиешелүү чаралар көрүлүп келе жатканын, быйыл жабык мекемелерде өпкөсү кагынып төрт адам, коронавирус инфекциясынан улам эки адам каза болгонун билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости