www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда дары-дармектин баасы жөнгө салынган эмес. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармектер жана медициналык буюмдар департаментинин директору Тимурлан Кысанов маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, 2019-жылдын октябрь айында өкмөттүн “Дары-дармектерге бааларды жөнгө салуунун убактылуу эрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому чыккан.

"Бирок бул механизм иштеген жок, анткени аны ишке ашыруу пандемиянын башталышына туш келди", - деди ал. Департаменттин директорунун орун басары Чынара Мамбеталиева кошумчалагандай, эрежелер мамлекеттик кепилдиктер программасына жана милдеттүү медициналык камсыздандыруунун кошумча пакетине кирген турмуштук маанилүү дары-дармектерге тиешелүү.

Чынара Мамбеталиева кошумчалагандай, учурда COVID-19 дарылоо жана диагностикалоо үчүн зарыл болгон дары-дармектерге, медициналык багыттагы буюмдарга жана шаймандарга бааларды жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө токтом долбоору өкмөт тарабынан жактырылып жатат. "Документ мамлекеттик бааны жөнгө салууну убактылуу киргизүүгө боло турган социалдык маанилүү товарлардын тизмесин толуктайт", - деп кошумчалады ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости