www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путиндин популярдуулугу төмөндөөдө

Россиянын президенти Владимир Путиндин орусиялык жаштардын арасында популярдуулугу акыркы бир жыл ичинде дээрлик эки эсе төмөндөдү жана жаштардын ар бир бешинчиси гана ага добуш берээрин билдирди. Бул тууралуу The Times маалымдады.

Президентти 18-24 жаштагы адамдардын колдоосу 36 пайыздан 20 пайызга чейин түшкөнүн көзкарандысыз Левада борбору кечээ жарыялаган.

Владимир Путин 2000-жылы бийликке келген, ошондон бери бүтүндөй орусиялык муун башка лидерди билбей чоңойду. Путин акыры кызматтан кеткенден кийин, “П мууну” деп аталган Путиндин убагында бой жеткен адамдар үй бүлө күтүп калышат. Конституцияга киргизилген акыркы өзгөртүүлөрдүн аркасында Путин 2036-жылга чейин, тагыраагы 83 жашка чыкканга чейин кызматында калууга укуктуу.

Левада директорунун орун басары Денис Волков билдиргендей, жаштар Путинди көбүрөөк сындашат, анткени алар негизги мамлекеттик маалымат каражаттарына ишенишпейт, алар маалыматтын альтернативдүү булактарын издешет. Ошол эле учурда, Леваданын айтымында, башка жаш курак топтордо Путинди колдоо пайызы дээрлик өзгөрүүсүз калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости