www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкери көз жумду

ЖАК ички кызматтын майору Мимоза Мурзалиева менен коштошту. Бул тууралуу ЖАКтан билдиришти.

Мурзалиева Мимоза Керээзбековна 1983-жылдын 6-мартында Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Куртка айылында төрөлгөн. Билими жогорку, 2015-жылы ИИМдин Академиясын аяктаган.

2002-жылы «Эл аралык башкаруу, укук, финансы жана бизнес академиясынын техникумунда бухгалтердик эсеп жана аудит жана юрист адистигин аяктаган.

Мимоза Керээзбековна эмгек жолун 2005-жылы Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун борбордук аппаратынын финансы-чарбалык кызматынан баштаган.

2011-жылы ага алгачкы кенже лейтенант наамы ыйгарылып, дээрлик 13 жыл аралыгында ЖАКтын №3, 1, 31, 2, 50, 21 мекемелеринде кызмат өтөп келген. Мимоза Керээзбековна жазык-аткаруу тутумунда жалпы 18 жылдан ашык кызмат өтөгөн.

Последние новости