www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сел эмне үчүн көп жүрө баштады? Адистин пикири

Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов 18-августта Ысык-Көлдө жүргөн селден кийин Фейсбуктагы баракчасына өз пикирин жазды.

Анын айтымында, 2012-жылы республика боюнча жүргөн селдер биринчи эскертүү болгон. Ошол жылы республика боюнча жалпы 200 сел жүргөн. Ал эми бүгүнкү күндө болуп жаткан селдер ошол эле окуялардын уландысы экенин билдирди.

Ошондой эле ал селдин келип чыгуу себептерине токтолгон. Анда климаттын өзгөрүшү, көптөгөн айылдардагы жана шаарлардагы чарбалык иш-аракеттердин ойлонуштурулбагандыгы, айыл этектерине мал жаюу жана көзөмөлдүн жоктугу жерлерди катуу эрозияга алып келди. Токойлордун кыйылып, суу жээктеринин эс алуучу жайларга айланышы да селдин жүрүшүнүн себепчиси.

Булар менен катар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары коррупцияга жол берип, мыйзамсыз курулушка уруксат берип жаткандыгын да баса белгилеген.

Последние новости