www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Свердлов райондук сотунда борбор калаанын Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөгө байланыштуу соттук териштирүү уланып жатат.

Бүгүн Мамлекеттик экотехинспекциянын өкүлү Шараф Ачилдиев күбө катары көрсөтмө берди. Ал өз сөзүндө оңдоп-түзөө иштери аяктагандан кийин сөзсүз акт түзүлөрүн, ансыз иш кабыл алынбасын билдирди.

ЖЭБ боюнча иште жогорку кызматтагы эң көп адам камакка алынып, 386 миллион доллар ири насыянын айланасында сөз болуп жатат.

Кармалгандар арасында мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов бар. Мурдагы финансы министри Ольга Лаврова үй камагында. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген беренелер менен айып коюлган.

Сегиз айыпталуучунун баш-аягы 20га жакын жактоочусу бар. Мамлекеттик айыптоочу тараптан алты прокурор иштеп атат. Кылмыш иши быйыл 18-февралдан тарта сотто карала баштаган, - дейт "Азаттык".

Булак: NazarNews.kg

Последние новости